Учурда министрликтин Бишкек менен Чүйдөгү башкармалыгынан, Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунан (КДМБ) кошумча 90 куткаруучу тартылган. Жалпысынан ар кыл тармактан 2 миңдей киши иштеп жатат.
ӨКМ башчысы Бообек Ажикеев өздүк курамдын кызматкерлерин ак дилден кызмат кылууга чакырып, тез убакытта турак жайларды тазалоо тапшырмасын койгон.
7-май күнү саат 12:30да алынган маалымат боюнча, 200дөн ашуун турак үй менен социалдык объект тазаланды.
4-май күнү нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен улам Сузактын Барпы жана Атабеков айыл өкмөтүндөгү 700гө чукул үйдү сел каптаган. Районго өзгөчө кырдаал режими киргизилген.