БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев "Ленинград блокадачыларынын кыргыз коомунун" төрагасы Анна Кутановага барды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Кутанова Кыргызстанга көчүрүлгөнгө чейин Ленинградда жашаган. Мектеп курагында штабга аткылоого кабылгандар тууралуу маалымат берип турган. Ага "Ленинградды коргогондугу үчүн" медалы жана башка көптөгөн юбилейлик төш белгилер берилген.
"Ленинград блокадачыларынын кыргыз коомунун" төрагасы Анна Кутанова
Министр Кутанова туруктуулуктун, эрктүүлүктүн жана кажыбас кайраттуулуктун символу экенин белгилеген. Ошондой эле 9-майга карата согуш ардагерлерине президенттин жарлыгы менен 100 миң сомдон бериле турганын айткан.
2012-жылы анын демилгеси менен Бишкектеги Асанов атындагы сейил бакта Кыргызстан менен Россиянын жетекчилигинин катышуусунда Ленинград блокадасына арналган эстелик ачылган.