БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Түндүк атлантикалык альянс Азиядагы чыңалууну жоготпой, тескерисинче, күчөтөт. Бул тууралуу кытайлык Global Times басылмасы жазып чыкты.
"Европаны бөлүп-жарып, дүйнө жүзүндө согуштарды чыгарган Түндүк атлантикалык альянс эми Азия-Тынч океан чөлкөмүндө өзүнүн "блоктук" саясатынын принциптерин колдонгонго аракет кылууда", — деп жазылат макалада.
Макаланын автору ондогон жылдан бери Ыраакы Чыгыштагы мамлекеттер орток пикирди издеп, пикир келишпестиктен оолак болгондуктан аймакта стабилдүүлүк сакталып келгенин жазган. Алардын көсөмдүгүнүн аркасынан идеологиялык, геосаясий көз караштардын чегинен чыгып, ааламдашуу доорунда кызматташууга кадам ташташканы белгиленген. Басылма Азия мамлекеттеринин мындай ыкмасынан улам мамлекеттер өз жолунда өнүгүп жатканын, эгер АКШ, НАТО өзүнүн ыкмаларын сунуштай баштаса аймактык тынчтыкка доо кетире тургандыгы кошумчаланган.
"Европа системасынын кыйрашы Америка учурда сунуштап жаткан конструкция азыркы замандын талабына жооп бербей тургандыгын далилдеди", — деген баяндамачы.
Тарых көргөзгөндөй, эч бир мамлекет өз коопсуздугун башка бир мамлекеттин акчасы менен сактай албайт. Алардын биримдиктин ичиндеги жана сыртындагы бөлүнүүсү өз ара жектешүүгө алып келет деп макаланы жыйынтыктаган автор.