Машинанын айнегин мыйзамсыз караңгылаткандарга айып пул өлчөмү көтөрүлдү

Буга байланыштуу погончондор жарандарды мыйзамга каршы иш кылбай жол эрежесин так сактоого чакырат.
Sputnik
БИШКЕК, 7-май — Спутник. Кыргызстанда автоунаанын айнегин мыйзамсыз караңгылатып алгандарга салынчу айып пулдун өлчөмү жогорулатылды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу билдирди.
Буга чейин айып пулдун өлчөмү 5 500 сом болчу.
"Мындан ары автоунаасынын айнегин мыйзамсыз караңгылатып алган айдоочулар Укук бузуулар кодексинин 194-беренесинин 3-бөлүмү боюнча жазаланат. Ага ылайык, машина айып короого токтотулат дагы жеке жактар 22 000 сом, юридикалык жактар 40 000 сом айып пул төлөшөт", — деди Айтикул уулу.
Буга байланыштуу погончондор жарандарды мыйзамга каршы иш кылбай жол эрежесин так сактоого чакырат.
Өткөн айда президент Садыр Жапаров мыйзамга кол койгон. Министрлер кабинетинин сунушу боюнча автоунаалардын алдынкы каптал айнектерин акы төлөп караңгылатуу үчүн айдоочулар (жеке жактар) жылына 80 000 сом төлөшү керектиги айтылган. Ал эми юридикалык жактар 100 миң, чет элдиктерге 120 миң сомго уруксат бериле тургандыгы кабарланган.
Төрт айда айдоочулар кайсы эрежелерди көп бузган. Тизме
Жогорку Кеңеш унаалардын терезесин караңгылатуу мыйзамын кабыл алды