Кара-Кечеде иштегендерге 50дөн ашык жаңы техника берилди

Көмүрчүлөр калкты жана Бишкек шаарынын ЖЭБин көмүр менен камсыз кылуу үчүн көлөмдү жылына бир миллион тоннага жеткирүүнү пландашууда.
Sputnik
БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Кара-Кече көмүр кенине барып, 50дөн ашык техниканы кызматкерлерге тапшырды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
1 / 5

Президент Садыр Жапаров Кара-Кече көмүр кенине барып, 50дөн ашык техниканы кызматкерлерге тапшырды.

2 / 5

Жапаров бүгүн, 7-майда, Нарын облусунун Жумгал районундагы Кара-Кече кенинде көмүр казып жаткан филиалына барып, HOWO үлгүсүндөгү 50 жүк ташуучу автоунаа жарым чиркегичтери менен, төрт жүктөгүчтүн ачкычтарын кызматкерлерге ыйгарды.

3 / 5

Техникаларды 245 миллион 573 миң 250 сомго "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасы "Айыл банктан" лизинг менен алган.

4 / 5

Ал эми көмүрчүлөр күз-кыш мезгилинде көмүрдү керектөөнүн көбөйүшүнө байланыштуу калкты жана Бишкек шаарынын ЖЭБин керектүү көлөмдөгү отун менен камсыз кылуу үчүн өндүрүштүн көлөмүн жылына бир миллион тоннага жеткирүүнү пландашууда.

5 / 5

Кара-Кече көмүр кенинин кызматкерлери

Билдирүүгө ылайык, Жапаров бүгүн, 7-майда, Нарын облусунун Жумгал районундагы Кара-Кече кенинде көмүр казып жаткан филиалына барып, HOWO үлгүсүндөгү 50 жүк ташуучу автоунаа жарым чиркегичтери менен, төрт жүктөгүчтүн ачкычтарын кызматкерлерге ыйгарды.
Техникаларды 245 миллион 573 миң 250 сомго "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасы "Айыл банктан" лизинг менен алган.
Ал эми көмүрчүлөр күз-кыш мезгилинде көмүрдү керектөөнүн көбөйүшүнө байланыштуу калкты жана Бишкек шаарынын ЖЭБин керектүү көлөмдөгү отун менен камсыз кылуу үчүн өндүрүштүн көлөмүн жылына бир миллион тоннага жеткирүүнү пландашууда.
УКМК: "Алтын-Кен" ишканасы мамлекетке 149,6 млн. сомду кайтарып берди