Унаа сууга түшүп кеткен. Кочкордо бир киши каза таап, үчөө жаракат алды

Жеңил машинанын айдоочусу рулду башкара албай оодарылып, Кара-Кужур суусуна түшүп кеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Нарындын Кочкор районунда жол кырсыгынан бир киши көз жумуп, үч адам жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Нарындын Кочкор районунда жол кырсыгынан бир киши көз жумуп, үч адам жаракат алды
Каргаша кечээ Өрүктам — Сары-Булак унаа жолунун 12-чакырымында катталган. Анда Volkswagen Passat B3 үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон оодарылып, Кара-Кужур суусуна түшүп кеткен.
Көз жумган эркек киши 58 жашта болгон. Жаракат алгандар 55, 56 жана 40 жаштагы эркек кишилер.
Куткаруучулар каза болгон адамды унаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берген. Жабыркагандардын абалы канааттандырарлык.
Караколдо автоунаа оодарылып, айдоочунун эки кызы көз жумду. Кырсыктын видеосу