"Эскерүү багы" эл аралык акциясы Россияда уюштурулган. Учурда 50дөн ашык мамлекетте ишке ашып келет. Максаты Улуу Ата Мекендик согушта каза болгон жоокерлердин жаркын элесине арнап бак-дарак отургузуу. Бул тууралуу Калия Серкебаева Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, акциянын алкагында Жер шарына 27 миллион көчөт отургузуу мерчемделген.
"Эскерүү багы" эл аралык акциясына бардык эле каалоочулар катыша алат. Бак-дарактын түрлөрүнө чектөө жок. Болгону көчөттү өздөрү алып келиши керек. Аталган акция экологиялык гана максатты көздөбөйт. Жаштарга тарыхты туура жеткирүү, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жоокерлерге урмат көрсөтүүнү да максат кылат. Акциянын алкагында 27 миллион бак-дарак отургузуу пландалган. Бул ошол согушта каза болгон жоокерлердин саны. Кыргызстанда аталган иш-чара 2020-жылдан тарта өткөрүлүп келет. Коронавирус пандемиясы башталып, карантин жарыяланганда катышуучулар өз короолоруна бак тигишкен. Быйыл болсо Бишкек шаарынын Кызыл Аскер районундагы эстеликтердин жанына 50 бак отургузулду. Ар бир бак атайын иштелип чыккан "Эскерүү бакчасы" деген тиркемеде белгиленет. Катышуучу ошол жактан акция боюнча, андагы тигилген бак-дарак тууралуу маалыматтарды ала алат", — деди Серкебаева.
Ал ыктыярчылар бир эле бак отургузуу менен чектелбестен, аларды сугаруу, багуу жана Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын урматына орнотулган эстеликтерди жууп тазалоо менен да алектенишерин кошумчалады.