Дүйнө жүзү алгачкы жолу энергетикалык каатчылыкка кабылды. Себеби

Адистин айтымында, батыштын санкцияларына каршы көрүлгөн Кремлдин саясий чечимдери дүйнөлүк энергетика базарына өз таасирин тийгизет.
Sputnik
БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Эл аралык энергетикалык агенттиктин директору Фатих Бироль дүйнө жүзү алгачкы жолу энергетикалык каатчылыкка кабылгандыгын айтты. Бул тууралуу "Известия" жазды.
Эл аралык уюмдун башчысынын айтымында, Россияга каршы кабыл алынган санкциялар жана Москванын көргөн аракеттери энергетика рыногуна оор кесепеттерди алып келет. Ал 1970-жылдагы мунай каатчылыгы дүйнөлүк инфляцияга алып келгенин эскерткен.
"Келгиле, Россия мунай, газ экспорттоо боюнча биринчи орунда турган мамлекет экенин эстейли. Ал энергетика тармагына колдонуп жаткан материалдардын базарында ири оюнчу болуп эсептелет", — деди Бироль.
Ал ошондой эле батыштын санкцияларына каршы көрүлгөн Кремлдин саясий чечимдери дүйнөлүк энергетика базарына өз таасирин тийгизе турганын да баса белгиледи.
Венгрия: Россиянын газын рубль менен сатып алуу үчүн 10 өлкө эсеп ачты