Бишкекке Москвадан "Эскерүү отун" алып келишти. Сүрөт

Акция алты жылдан бери өтүп келет, бул ирет эл аралык масштабда уюштурулган.
Sputnik
БИШКЕК, 7-май — Sputnik. "Манас" аэропортунан "Эскерүү отун" — Кремлдин дубалындагы белгисиз жоокердин мүрзөсүндөгү Өчпөс отту тосуп алышты. Бул тууралуу Россия кызматташтык федералдык агенттигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү билдирди.
"Манас" аэропортунан "Эскерүү отун" — Кремлдин дубалындагы белгисиз жоокердин мүрзөсүндөгү Өчпөс отту тосуп алышты.
Бүгүн Дайыр Асанов атындагы паркта "Эскерүү оту" расмий түрдө берилет. Ага Россия менен Кыргызстандын Коргоо министрлигинин, Бишкек мэриясынын, Россия элчилигинин, Россия кызматташтыгынын, Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын, ардагерлер уюмдарынын, "Жеңиш ыктыярчылары" уюмунун өкүлдөрү жана окуучулар менен студенттер катышат.
Акция Бүткүл россиялык элдик фронт тарабынан демилгеленген. Ири коомдук кыймылдын лидери президент Владимир Путин болуп саналат. Акция алты жылдан бери өтүп келет, бул жылы эл аралык масштабда уюштурулган.
Өчпөс от — элдин эркиндигин жана көз карандысыздыгын коргоп, дүйнөнү улутчулдуктан бошоткон бардык улуттагы советтик жоокерлердин эрдигин эскерүүнүн символу болуп саналат.
Коргоо министрлиги ардагерлерди согуш жылдарындагы ырлар менен куттуктады