ГБР менен кайгуул кызматкерлерине баш ийбей чуу салган киши кармалды. Видео

Эс алуучу жайдан чыгып көчөдө ызы-чуу салган кишиге алгач ГБР чакыртылган. Алар алы жетпей милиционерлерден жардам сураган.
Sputnik
БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Бишкекте Тез арада чара көрүү тобу (ГБР) менен кайгуул кызматкерлерине да баш ийбей көчөдө чыр салган киши кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы кабарлады.
Окуя бүгүн саат 00:10 чамасында Ибраимов көчөсүндө болгон.
"Мас киши эс алуучу жайдан чыр чыгарып, андан ары көчөгө чыгып таксисттер менен урушкан. Ал жактын администрациясы ГБР чакырган. Бирок тиги киши аларга да баш ийбей жатканда ГБР кызматкерлери Кайгуул милициясынан жардам сураган", — деп жазылган маалыматта.
Бирок мас адам анда дагы баш ийбей койгон. Кийин кошумча күч тартылып, ээнбаштыкка шектелген жаран Свердлов райондук ИИБге жеткирилген.
Учурда шектүүнү кармоо учурундагы видеотасма боюнча кызматкерлерге карата кызматтык териштирүү жүргүзүлүп жатат.
ИИМ: Бишкекте өзүн милиционермин деп акча талап кылган киши кармалды. Сүрөт