Бишкекте 3 мектеп, бир спортзалдын курулушу башталды. Эскиздери

Калаа башчысы 16 мектеп, беш бала бакчанын курулушун беш айдын ичинде бүтүрүү тапшырмасын президент Садыр Жапаровдон алганын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Бишкек шаарынын мэри Эмил Абдыкадыров үч мектеп, бир спортзалдын курулушунун капсуласын салды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлады.
Ага ылайык, № 40 мектеп кеңейтилип, 550 окуучуга ылайыкталган жер төлөсү менен үч кабаттуу имарат 1,52 гектарга курулат.
1 / 4

№ 40 мектеп кеңейтилип, 550 окуучуга ылайыкталган жер төлөсү менен үч кабаттуу имарат 1,52 гектарга курулат

2 / 4

№73 мектепке кошумча окуу корпусу салынат

3 / 4

№20 мектептин жанында курулуш жүрүп, үч кабаттуу имарат бүткөрүлөт

4 / 4

Ал эми №35 билим берүү мекемесине эки кабаттуу спортзал курулмай болду

№73 мектепке кошумча окуу корпусу салынат. Ал дагы үч кабаттуу болуп 550 окуучуга ылайыкталган.
№20 мектептин жанында курулуш жүрүп, үч кабаттуу имарат бүткөрүлөт.
Ал эми №35 билим берүү мекемесине эки кабаттуу спортзал курулмай болду.
Иш-чарада калаа башчысы 16 мектеп, беш бала бакчанын курулушун беш айдын ичинде бүтүрүү тапшырмасын президент Садыр Жапаров шаар бийлигине бергенин айтты.
Караколдо жаңы аэровокзал курула баштады. Эскиз