Москвадан алып келинген "Эскерүү оту". Иш-чарадан 10 сүрөт

Бүгүн, 7-майда, Дайыр Асанов атындагы Жеңиш багында "Эскерүү отун" салтанаттуу түрдө коомдук уюмдарга, кыймылдарга өткөрүп берүү аземи болду.
Sputnik
Аталган иш-чарага Кыргызстан менен Россиянын коргоо министрликтеринин өкүлдөрү, Бишкек мэриясы, КРдеги Россия элчилиги, Кыргызстан элдер ассамблеясы, "Росскызматташтык" уюму, ардагерлер уюму, "Жеңиштин ыктыярчылары" издөө отрядынын мүчөлөрү, окуучулар жана студенттер катышты.
"Эскерүү оту" — Кремль дубалындагы белгисиз жоокердин күмбөзүндөгү оттун бир бөлүгү. Ал бүгүн учак менен алып келинди.
Акция Бүткүл россиялык элдик фронт тарабынан демилгеленген. Ири коомдук кыймылдын лидери - президент Владимир Путин. Акция алты жылдан бери уюштурулуп келет, бул жылы эл аралык масштабда өтүүдө.
Өчпөс от — элдин эркиндигин жана көз карандысыздыгын коргоп, дүйнөнү улутчулдуктан бошоткон бардык улуттагы советтик жоокерлердин эрдигин эскерүүнүн символу болуп саналат.
1 / 10

Бишкекте "Эскерүү оту" коомдук уюмдар менен кыймылдардын өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилди

2 / 10

Ага Кыргызстан менен Россиянын Коргоо министрликтеринин өкүлдөрү, Бишкек мэриясы, КРдеги Россия элчилиги, Кыргызстан элдер ассамблеясы, "Росскызматташтык" уюму, ардагерлер уюму, "Жеңиштин ыктыярчылары" издөө отрядынын мүчөлөрү, окуучулар жана студенттер катышты

3 / 10

Кыргызстандык аскерлер иш-чара маалында

4 / 10

"Эскерүү оту" — Кремль дубалындагы белгисиз жоокердин күмбөзүндөгү оттун бир бөлүгү

5 / 10

Аскердик оркестрдин мүчөлөрү көлөкөдө эс алып отурушат

6 / 10

Акциянын демилгечиси - Бүткүл россиялык элдик фронту болуп эсептелет. Ал эми анын лидери президент Владимир Путин

7 / 10

Аталган иш-чара алтынчы жолу өткөрүлүүдө. Бул жолкусу эл аралык деңгээлде уюштурулду

8 / 10

"Эскерүү отун" салтанаттуу түрдө өткөрүп берүү иш-чарасы

9 / 10

Өчпөс от — элдин эркиндигин жана көз карандысыздыгын коргоп, дүйнөнү улутчулдуктан бошоткон бардык улуттагы советтик жоокерлердин эрдигин эскерүүнүн символу

10 / 10

"Эскерүү оту" бүгүн Бишкекке алып келинди

Тема боюнча:
Сүрү күчтүү! Москвада өтчү Жеңиш парадына даярдыктан 18 сүрөт
Эмгек майрамы Советтик Кыргызстанда кантип белгиленген? Тарыхый ирмемдер