Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

"Азовсталдын" аймагындагы украиналык аскерлер ак желек көтөрүп чыгышты

Россиялык командирдин айтымында, эки өлкөнүн аскерлери Мариуполь блокадага алынгандан бери алгачкы ирет жолугушту.
Sputnik
БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Мариуполдогу "Азовсталдын" аймагынан украиналык аскерлердин тобу колуна ак түстөгү желек көтөрүп россиялык жоокерлердин алдына чыкты. Бул тууралуу "Донбас решает" Telegram-каналы "Восток" батальонунун командири Александр Ходаковскийге шилтеме кылып жазды.
"Каршылаштардын тобу ак желек көтөрүп жарандарды эвакуациялаган көпүрөгө кеткен жолго чыгышты. Ал эми "Азовсталдын" ичкери жагына россиялык аскерлер парламенттер катары багыт алды. Бул Мариуполь блокадага алынгандан берки алгачкы катнаш", — деген Ходаковский.
Мариуполдо ок атууну токтотуу режими уланууда. "Азовсталь" комбинатынын аймагында улутчулдар кармап турган жай тургундар үчүн гуманитардык коридор ачылган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россияга Донбасс менен Украинадан 1,1 миллиондон ашуун качкын келген