Алайдагы сел: министрлик жеринде медициналык жардам уюштурду

Медициналык бригаданын курамында үй-бүлөлүк дарыгер, офтальмолог жана УЗИ адистери иштеп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Сел жүргөн Алай районунун Корул айыл өкмөтүндө калкка медициналык жардам көрсөтүү уюштурулду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
Помощь жителям Алайского района, где произошел сель
Сел жүргөн аймакка министрликтин Медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башчысы Нурида Жусупбекова менен мекеменин Ош облусундагы координаторунун орун басары Шарапат Кожобекова барган.
"Жарандардын ичинен оор жаракат алгандар жок. Эки бейтап канааттандырарлык абалда ооруканада дарыланууда. Тогуз кош бойлуунун бирөө төрөдү, абалы туруктуу. Бардыгы медиктердин көзөмөлүндө", — деп жазылган маалыматта.
Учурда иштеп жаткан медициналык эки бригаданын курамында үй-бүлөлүк дарыгер, офтальмолог жана УЗИ адиси бар. Ошондой эле психолог, психиатр, невролог жеринде иш алып барууда. Мындан сырткары, дары-дармектер менен камсыздалып, тез жардам унаалары даяр турат.
Андан тышкары, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл адистери тарабынан дезинфекция иштери жүргүзүлүп жатат.
Эске салсак, 3-майда Ош облусунун Алай районунда катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп, 200гө жакын үйдүн короосун суу каптаган. Ошондой эле көпүрөлөр жараксыз болуп, электр энергиясы үзгүлтүккө учураган. Мындан тышкары, Кара-Кулжа районундагы айрым аймактарда да сел жүргөн.
Сабыр кылыңыздар, калыбына келтиребиз. Президент үйүн сел каптаган элге кайрылды