БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Борбор калаада Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүнө арналган ачык асман алдындагы бир катар концерттер өтөт. Аны Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын артисттери тарабынан уюштурулары кабарланды.
Маалыматта театрдын солисттери, хор жана симфониялык оркестри аскердик жашоону чагылдырган "Эх, дороги", "Катюша", "Журавли", "Смуглянка", "В землянке", "Синий платочек", "День Победы" жана башка чыгармаларды аткарары жазылган.
Концерт 7 жана 9-майда Бишкектеги "Эмен багында", 8-майда "Ынтымак" паркында саат 18:00дө башталат. Аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу иш-чара башка жайларда өтүп калышы мүмкүн. Кирүү акысыз.
Байланыш телефондору: (0312) 66-18-41, (0555) 93-06-66.