Япониядагы элчилер советтик чалгынчы Рихард Зоргени эскеришти. Видео

Быйыл Улуу Жеңиштин 77 жылдыгы белгиленет.
Sputnik
БИШКЕК, 6-май — Sputnik. КМШ өлкөлөрүнүн элчилери легендарлуу советтик чалгынчы Рихард Зоргенин Япониядагы мүрзөсүнө барып гүл коюшту. Бул тууралуу Sputnik Ближнее зарубежье жазды.
Советтик чалгынчы Рихард Зоргенин Токио шаарындагы бейитине Россиянын, Беларустун, Азербайжандын, Кыргызстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын жана Түркмөнстандын элчилери барып, аны эскеришти.
Эске салсак, быйыл Улуу Жеңиштин 77 жылдыгы белгиленет.
Рихард Зорге — немец журналисти, дипломат. Япониядагы советтик чалгын кызматында иштеген. Советтер Союзунун Баатыры наамына ээ болгон. XX кылымдын айтылуу чалгынчыларынын катарына кирген Зоргенин сөөгү Японияда жерге берилген.
Эмгек министри Базарбаев согуш ардагерин куттуктады. Сүрөт