БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Россиянын Мамлекеттик думасынын спикери Вячеслав Володин Европа өлкөлөрүнүн биримдиги бузулуп жатат деген пикирде. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Европа биримдиги ыдырап баратат. Европарламент Евробиримдикти терең реформалоо чечимин кабыл алды. Анын алкагында биргелешкен чечим кабыл алуу принциби жоюлуп кетиши мүмкүн", — деди Володин.
Анын айтымында, эми айрым мамлекеттердин, демек, алардын жарандарынын пикири дагы эске алынбайт.
"Антироссиялык санкциялар көрсөткөндөй, Евробиримдиктин өлкөлөрүндө бул маселе боюнча бир пикир жок. Андыктан көп жылдардан бери келе жаткан принциптен баш тартып, чечим кабыл алуунун башка формаларын издөөгө туура келет. Миллиондогон калкы бар Европада эл добуш берүү укугунан ажыратылат. Мамлекеттери акыры эгемендигин жоготот", — деп сөзүн улантты Володин.
Спикер белгилегендей, азыр тигил же бул өлкөнүн жарандарынын пикири менен эсептешпей кабыл алынган чечимдердин натыйжасында баалар көтөрүлсө, жумушсуздук, башка көйгөйлөр жаралса, алардын алдында ким жооп берери белгисиз.
Мамдуманын жетекчиси эгерде бүгүн Евробиримдиктин курамына кирген мамлекеттер эгемендүүлүктү сактап, өз жарандарынын кызыкчылыгын коргогусу келсе, биримдиктен чыгып кетиши керек деп эсептейт.