Радио

Арзыбаев: өлкөдө илим согуш учурунда өнүгө баштаган

Илимдер академиясынын Бегималы Жамгерчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институтунун илимий кызматкери, тарых илимдеринин кандидаты Тыныстан Арзыбаев согуш учурундагы илимдин өнүгүүсү тууралуу айтып берди.
Sputnik
Кыргызстанда илим Улуу Ата Мекендик согуш учурунда өнүгө баштаган. Бул тууралуу Тыныстан Арзыбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, буга Украинадан, Ленинграддан жана башка шаарлардан илимий интеллигенциянын көчүрүлүшү түрткү берген.

"Кара Кыргыз автономиялуу облусу түзүлгөндө илим изилдөө борборлору ачылган. Согуш учурунда, 1943-жылы, Константин Скрябиндин жетекчилиги менен Илимдер академиясы ачылып, илим изилдөө күчөтүлгөн. Фашисттик Германия капыстан кол салгандан кийин бир катар илимий мекемелер Орто Азияга, анын ичинде Кыргыз ССРине көчүрүлө баштаган. Ошондон тарта өлкөдө илим кыйла өнүгүп, илимий изилдөөлөрдүн натыйжасы менен согушка керектүү материалдарды, буюмдарды кетирип, согушка өз үлүшүн кошуп турган. Алсак, геологиялык экспедициялардын натыйжасында курал-жарак, ок-дарылардын бөлүктөрү жасалган. Ошол эле Айдаркен сымап заводу, Ак-Түздөгү коргошун изилденген. Мындан тышкары, бир топ заводдор көчүрүлүп келип, ачык асман алдында эле иштеп баштаган. Аларды орнотуу үчүн дагы тийиштүү изилдөөлөр жасалганын айта кетсек болот. Айыл чарба, мал чарба тармагында ачылыштар жасалып, согушка азык-түлүк продукцияларын жиберүүдө эбегейсиз салым кошконбуз. Мындан тышкары, медициналык, ветеринардык, зоотехникалык, үрөндүн селекциясы, кен байлыктар багытында бир катар изилдөөлөр жүргүзүлүп, ачылыштар жасалган", — деди Арзыбаев.

Ошондой эле ал Улуу Ата Мекендик согуш кыргыз илиминин өнүгүүсүнө чоң таасир эткенин кошумчалады.