Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Россия чалгынчылары Украинадагы операцияда кандай иштеп жатканын көрсөттү. Видео

Десанттар украин аскерлеринин жашыруун жайгашкан позицияларын аныктайт.
Sputnik
БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Россиянын Коргоо министрлиги Аба-десант аскерлеринин чалгынчылары Украинадагы атайын операцияда кандай иштеп жатканын көрсөттү.
Десанттар украин аскерлеринин жашыруун жайгашкан позицияларын аныктап, алардын координатын артиллерияга жөнөтөт.
24-февралда Россия Украинага атайын операциясын баштаган. Президент Владимир Путин анын максатын "сегиз жылдан бери Киев режими тарабынан бейбаштыкка жана геноцидге дуушар болгон адамдарды коргоо" деп атаган. Анын айтымында, Донбасстагы "тынч жашоочуларга жасаган кандуу кылмыштары" үчүн "Украинаны демилитаризациялап жана денацификациялап", аскер кылмышкерлерин сотко бериш керек.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Окуянын күбөсү: Украина аскерлери качкындарды аткылады