Муну менен Батыш ааламын айран калтырган Рим папасы мындай билдирүүсүн Corriere della Sera басылмасына маек берген. Серепчи Петр Акопов бул абройлуу инсандын айткандарына, мындан мурунку кептерине сереп салган.
"Россиянын каалгасына чейин келген НАТОнун аракеттери Кремль бийлөөчүсүн ушундай реакция кылууга, касташууга түрткөн болушу мүмкүн. Мындай ачууга алдырышына атайын шыкакташтыбы, билбейм, бирок ушул соболду өзүмө көп берем. Кимдир бирөө кайраштырып, ортого от тамызганы айдан ачык", – деген тейде сүйлөгөн ал.
Албетте, католик дүйнөсүнүн башчысы капыстан Россияны колдоону чечти дегенден алыспыз. Франциск согушту айыптап, РФ президентин аскерлерин токтотууга көндүрүү үчүн Москвага сапар тарткысы келерин да айтат. Россиянын бул кадамдары менен катар Батыштын да аракеттерин айыптайт. Ал эми Россияны обочолонтуп гана тим калбай, жеңилишин да көксөгөн англосактардын лидерлеринин кызыкчылыгына бул таптакыр төп келбейт.
АКШнын жетекчилигинде үч үлкөн тактынын экөөнү алгач ирет католиктер (Байден жана эл өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси) ээлеп турат. Кеп булардын динге канчалык берилгенинде эмес, эл алдында алар дайым папа Франциск жогорку аброюн тааныганын белгилеп келишет. Ал эми католик чиркөөсүнүн башчысы Россияны обочолонтууну колдомок тургай, жаңжал үчүн Батыштын өзүнө да күнөөнүн бир бөлүгүн койду.
Бирок чынында Ватикандын позициясына таң калып болбойт, анткени жалпы Ватикан да, анын ичинде папа Франциск да ааламдашуунун англосактык вариантын бир топ убактан тарта колдобой калганы маалым.
Католик чиркөөсүнүн ааламдык өз долбоору бар, ал эми англосактардын долбоору протестанттык мессианизмден жаралган. Ал франциялык революция мезгилинен бери, айрыкча бул Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Ватикандын позициясы чабалдап келе жаткан батыш дүйнөсүнөн католиктерди ийгиликтүү сүрүп чыгарууда.
Тегин жерден Франциск "эркин рынокту" көп сындап, рыноктук капитализмдин "магиялык теориялары" жеңилгенин белгилеп, азыркы саналуу кишилерди байытып, жакырлыкты тереңдеткен системанын ордуна алакалардын адилеттүү экономикалык тутумун иштеп чыгууга чакырып келет. Ага Батыштын өз артыкчылыгы, башка элге жана цивилизацияларга акыл үйрөтүп, жазалоого акылуу санаганын да кыртышы сүйбөйт.
Буга былтыр августта анын испаниялык Cadena COPE радиосуна берген маеги далил. Анда ал: "Тарыхый, улуттук жана диний өзгөчөлүктөрдү эске албастан, башка элдердин үрп-адатын эч көзгө илбестен кимдир бирөөлөрдүн баалуулуктарын сырттан таңуулап, бөлөк өлкөлөрдө бөтөн үлгүлөр боюнча демократия курууга тырышкан жоопкерчиликсиз саясатты токтотуу зарыл", – деген сөздү мисал келтирген. Айтымында, бул Ангела Меркелге таандык. Анан да Рим папасы мурдагы канцлерди "дүйнөнүн эң улуу саясий ишмерлеринин бири" деп атаган. Ошол сөздөрү анын АКШ Афганистандан кеткенден кийинки дүйнөдөгү кырдаалга анын көз карашын чагылдырат. Журналисттер да андан дал ушуну сурашкан.
Чындыгында бул экс-канцлер айым эмес, аны Москвада кабыл алган Владимир Путин айткан эле. Афганистан жаатында бул оюн РФ президенти көп ирет кайталаган. Башкача айтканда, маселе англосактардын ааламдашуусуна карата Ватикан менен Москванын мамилеси окшоп кеткенинде гана эмес.
Католиктер менен православдар айырмачылык жана миң жылдык карама-каршылыктарына карабастан азыр салттык баалуулуктарды, диний жана үй-бүлөлүк, нарк-насилге ширелишкен түзүмдү, акыйкаттык жана адамзаттын көп түрдүүлүгүн коргогону үчүн ойлору үндөшүп турат.
Булар тарыхтын кызыктарыбы? Жок, анын жаңы бурулушу. Мында кечээги келишкис душмандар каптап келе жаткан апаатты чогуу токтотуу үчүн эзелки карама-каршылыктарын да жыйыштыра тура алышат.