Кытайдын БУУдагы өкүлү: НАТОнун саясаты гуманитардык катастрофага кептейт

Дипломат НАТО эгемендүү мамлекеттерге каршы жаңжал чыгаруунун демилгечиси болуп калганын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Түндүк атлантикалык альянстын чыгыш тарапка кеңейиши Европаны коопсуз кыла алган жок. Бул туурасында Кытайдын БУУдагы туруктуу өкүлү Чжан Цзюнь Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдиргенин РИА Новости жазды.
"Кансыз согуштан кийин НАТОнун бир нече ирет кеңейтилиши Европаны анчалык коопсуз кыла алган жок, бирок жаңжалдарга жем таштап турду", — деди Кытайдын өкүлү.
Анын айтымында, блок өзү эгемендүү мамлекеттерге каршы жаңжал чыгаруунун демилгечиси болуп калган.
"Декларацияланган коргонуунун маңызына карабастан НАТО максаттуу түрдө эгемендүү мамлекеттерге каршы согушту тутантып, жай тургундардын набыт болушуна жана гуманитардык катастрофага кептеп жатат", — деп белгиледи дипломат.
Буга чейин Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Чжао Лицзянь Twitter баракчасына НАТОнун Чыгыш жакты көздөй кеңейтилген картасын чыгарып, альянс берген убадасынан тайып жатканын кыйыткан.
2021-жылдын аягында Россия коопсуздук кепилдиги боюнча АКШ менен келишимдин жана НАТО менен макулдашуунун долбоорун жарыялаган. Тагыраак айтканда, Москва Батыштагы өнөктөштөрүнөн альянстын аянтын мындан ары чыгыш тарапка кеңейтүүдөн, Украинаны блокко кошуудан жана мурунку СССР өлкөлөрүнө аскердик базаларды түзүүдөн баш тартуу боюнча юридикалык кепилдикти талап кылган. Ошондой эле аскердик уюмдун сокку уруучу куралдарын Россиянын чек арасынын жанына жайгаштырбоону жана альянстын Чыгыш Европадагы аскер күчтөрүн 1997-жылдагы позициясына алып кетүү каралган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Рим папасы: НАТО Россияны атайын операция баштоого мажбурлаган болушу мүмкүн