Эмгек министри Базарбаев согуш ардагерин куттуктады. Сүрөт

Аткаминер бүгүнкү күндө советтик жоокерлердин урпактары Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңишке терең маани берерин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Кара-Балтада жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Николай Соколовду куттуктап келгенин ведомствонун маалымат кызматы кабарлады.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Кара-Балтада жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Николай Соколовду куттуктап келгенин ведомствонун маалымат кызматы кабарлады
Министр ардагерди келе жаткан Жеңиш күнү менен куттуктаган.

"Өлкө башчы айткандай, биз тарыхыбызды унутпашыбыз керек. Ал согуштан Кыргыз ССРинин ар бир үчүнчү тургуну кайтпай калган. Бүгүн биз — алардын балдары, урпагы жеңиштин маанисине өзгөчө көңүл буруп келебиз. Ардагерлер мамлекеттин көңүл чордонунда. 9-Майга карата согуштун катышуучулары менен ардагерлерине, концлагерлердин туткундарына жана Ленинград блокадачыларына 100 миң сомдон берилет", — деди Базарбаев.

Николай Соколов 17 жашында согушка аттанганын эскерип, Беларусь фронтунда салгылашканын айтып берген. Ардагер аскердик сүрөттөрүн көрсөтүп, Улуу Ата Мекендик согуштун II даражадагы ордени менен сыйланганын баяндады.
Боордоштор көрүстөнүндө Улуу Ата Мекендик согуштун курмандыктары эскерилди. Сүрөт