БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Беларустун Россиянын Украинадагы атайын операциясына катышуу планы жок. Бул тууралуу аталган мамлекеттин президенти Александр Лукашенко Associated Press агенттигине маек берип жатып айтканын Sputnik Беларусь жазды.
Лукашенконун айтымында, Беларустун атайын операцияга катышуу зарылчылыгы жок, себеби Россиянын өзүндө баары бар.
"Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн Украинадагы атайын операциясына катышуу ниетибиз жок. Себеби эч кандай зарылдыкты көргөн жокпуз", — деген Лукашенко.
Россия Украинадагы атайын операциясын 2022-жылдын 24-февралында баштаган. Президент Владимир Путин ал "Киев режими тарабынан сегиз жыл бою кордолуп-мазакталып, геноцидге кабылгандарды коргоо" максатын көздөйт деген.
РФтин Коргоо министрлиги билдирүү жасап, Куралдуу күчтөр соккуну аскердик инфраструктура жана аскердик күчтөргө уруп жаткандыгын, 25-мартта негизги тапшырманын биринчи этабын аткаргандыгын, тагыраагы, Украинанын согуштук мүмкүнчүлүгүн азайткандыгын билдирген. Алар башкы максат — Донбассты бошотуу экендигин айтышкан.