БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Коргоо министрлиги Жеңиштин 77 жылдыгына карата Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин куттуктады. Бул тууралуу ведомстводон кабарлады.
Министр Бактыбек Бекболотов баштаган жетекчилик Бишкек шаарында жашаган Турконакун Бейшембаев, Василий Пухарев жана Асек Урманбетовдун үйлөрүнө барды. Маалыматка караганда, ардагерлердин экөө 98, бири 99 жашта.
"Куттуктоо жана ыраазычылык сөздөрдөн тышкары ардагерлерге символикалык түрдө фронттук баштыктар белекке берилди", — деп айтылат билдирүүдө.
Ардагерлерди сыйлоо Коргоо министрлигинин аскердик оркестри жана ротанын аткаруусундагы согуш жылдарындагы ырлар менен коштолду.