БИШКЕК, 6-май — Sputnik. БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Россиядан, Беларустан жана Украинадан алынган азык-түлүк менен жер семирткичтерди дүйнөлүк рынокко реинтеграциялоо керектигин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Азык-түлүк коопсуздугу боюнча глобалдуу көйгөйдү чечүүнүн олуттуу жолу Украинанын айыл чарба өндүрүшүн жана Россия менен Беларустун тамак-аш азыктарын, жер семирткичин дүйнөлүк рынокко реинтеграциялоону талап кылат", — деди Гутерриш БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында.
24-февралда Россия Украинаны демилитаризациялоо жана денацификациялоо боюнча атайын операциясын баштаган. Президент Владимир Путин анын максатын "сегиз жылдан бери Киев режими тарабынан бейбаштыкка жана геноцидге дуушар болгон адамдарды коргоо" деп атаган. Анын айтымында, Донбасстагы "тынч жашоочуларга жасаган кандуу кылмыштары" үчүн "Украинаны демилитаризациялап жана денацификациялап", аскер кылмышкерлерин сотко бериш керек.
Атайын операция башталган соң Батыш Россияга карата санкцияларды киргизип, бир катар товарларды алууга тыюу салынган. Бирок мындай кадамдар Батыш мамлекеттеринин өзүн да экономикалык кыйынчылыкка кептеп жатат.