Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЖМК: Германия Украинага убада кылган курал-жаракты бере алган жок

Батыштын айрым өлкөлөрү Украинага аскердик шайман жагынан жардам берип келет.
Sputnik
БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Германия Украинага убада кылган Gepard зениттик куралдарын жеткире алган жок. Бул тууралуу Welt басылмасына шилтеме берип РИА Новости жазды.
"Украинага Gepard зениттик куралдарын жеткирүүнү өлкөнүн коргоо министри Кристин Ламбрехт убадалаган. Бирок сегиз күндөн кийин бул демилге ишке ашпай турганы белгилүү болду. Шейшембиде федералдык өкмөт ылайыктуу ок-дарыларды ала албай калган", — деп айтылат билдирүүдө.
Макаланын автору Германия өкмөтү эмнеге дал ушул куралды тандаганына таң калууда. Анткени алар үчүн снаряддын жетишсиздиги февралдын аягында эле анык болгон.
"Жеткирүү маселеси Швейцариянын согуш болуп жаткан аймакка куралды реэкспорттоого тыюу салганынан улам келип чыккан. Киев режиминдеги маалымат булактын айтымында, бул курал Украинага келген күндө дагы Германия убадалаган 23 миң снаряд жарым сааттык атуу үчүн гана жетмекчи", — деп айтылат макалада.
24-февралда Россия Украинаны демилитаризациялоо боюнча атайын операция баштаган. Ошондон бери айрым Батыш өлкөлөрү Украинага курал-жарак жагынан жардам берип келет.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Молдова Украинага аскердик жардам берүүдөн баш тартты