COVID: эки жыл ичинде 15 миллионго чукул адам каза болду

Коронавирустан ажал тапкандар Чыгыш Азия, Европа жана Америкада көп катталган.
Sputnik
БИШКЕК, 6-май — Sputnik. COVID пандемиясына түз же кыйыр байланышкан адам өлүмүнүн саны болжол менен 14,9 миллионду түздү. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму билдирди.
Мындай маалымат пандемияга чейинки адам өлүмү боюнча статистикага салыштырылып эсептөөнүн натыйжасында чыгарылган.
Ага ылайык, мурдагы жылдарга салыштырмалуу өлүм катталган учурдун 84 пайызы Чыгыш Азия, Европа жана Америкада байкалган.
Пандемиядан кирешесинин деңгээли орточо өлкөлөр көбүрөөк жабыркаган — алар каза тапкан 14,9 миллион адамдын 81 пайызын түзөт. Ал эми кирешеси жогору өлкөлөр 15 пайызды жана төмөндөр 4 пайызды ээлеген.
Коронавирустан аялдарга (43 пайыз) караганда эркектер (57 пайыз) көбүрөөк ажал тапканы көрсөтүлгөн.
Июнда COVID баш көтөрүшү мүмкүн. РФ министринин эскертүүсү