Бишкекте тез татымдан шаурма жеген 11 адам ууланды

Массалык уулануу фактысы 5-майда катталган. Учурда тез татым жабылды.
Sputnik
БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Бишкек шаарынын чок ортосунда жайгашкан "Эл эмне жейт" (Чүй жана Эркиндик проспектилеринин кесилишинде жайгашкан) тез татымынан шаурма жеген 11 адам ууланганы аныкталды. Бул туурасында Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору билдирди.
Маалыматка ылайык, массалык уулануу фактысы 5-майда катталган. Санэпид көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери тез татымды текшерип, санитардык эрежелердин бузулганын аныктаган. Буга байланыштуу 13 миң сом айып салынып, кемчиликтерди жоюу боюнча жазуу түрүндөгү эскертүү берилген.
Ошондой эле тамакка уулануунун себебин аныктоо жана лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы чыкканга чейин аталган тез татым жабылганы айтылды.
Ошто таттууга уулангандар: сегиз бала ооруканада жатат