Радио

Сайназаров: курулуш компанияларына мектеп салууну да милдеттендирүү керек

Билим берүү жаатында эксперт Кеңешбек Сайназаров билим берүү системасын жакшыртуу үчүн бир нече сунуштарды айтты.
Sputnik
Жаңы конуштарды салган курулуш компанияларын билим берүү мекемелерин дагы салууга милдеттендирүү зарыл. Мындай пикирин Кеңешбек Сайназаров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, борбор калаадагы мектептерде нормадан үч эсе көп окуучу билим алып жатат.

"Билим берүү системасын жакшыртуу үчүн бир катар кадамдарды жасоо зарыл. Биринчиден, жаңы конуштарды, турак үйлөрдү курган компанияларга ошол районго мектеп, бала бакча жана башка социалдык курулуштарды кошо салууну милдеттендирүү зарыл. Бул мыйзам менен бекитилип, анан ишке ашышы керек. Турак үйлөрдү ишкерлер курууга уруксат алып жатканда ушул сыяктуу талаптарды коюп, бизнестин социалдык жоопкерчилигин дагы көтөрүү шарт. Учурда бул багытта көйгөй жаралууда. Мисалы, Бишкектин 12-кичи районундагы №71 мектепке Көк-Жар жаңы конушунан окуучулар келип билим алып жатат. Эмнеге? Себеби аталган жаңы конушта билим берүү мекемеси жок. Муну менен мектептердин тартыштыгын жоюуга мүмкүн болот. Учурда мектептерге күч келип жатат. Ал эми бул көйгөйдү чечүү үчүн мамлекет донорлордон, инвесторлордон каражат суроого мажбур. Экинчиден, мугалимдердин чеберчилигин жогорулатуу системасын өзгөртүү зарыл. Учурда алар төрт жылда бир квалификациясын жогорулатууда. Ал эми азыркы тапта дүйнө ушунчалык тез өзгөрүп, кечээки маалымат бүгүн актуалдуулугун жоготуп коюуда. Үчүнчүдөн, билим берүүнү башкарууну жакшыртуу зарыл. Маселен, жеке менчик мектептердин жетекчилери тың. Ал эми жалпы мектептерде бийликке, айыл өкмөткө лоялдуу адамдар коюлуп жатат. Бул иштин натыйжасына терс таасирин тийгизүүдө", — деди Сайназаров.

Ошондой эле ал балага шарт түзүп берүүдө жалпы билим берүү мекемелери жеке менчик мектептерге салыштырмалуу аксап жатканын кошумчалады.