Бишкекте автоунаа каттачу айрым чоң жолдор кеңейтилет. Видео

Негизги максат — шаар ичиндеги унаа тыгындарын алдын алуу.
Sputnik
БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Унаа тыгындарын азайтуу максатында Бишкек мэринин тапшырмасы менен "Бишкекасфальтсервис" айрым көчөлөргө кошумча тилке кошуу иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу мэриядан кабарлады.
Учурда курулуш иштери Айтматов жана Горкий көчөлөрүнүн кесилишинде жүрүп жатат. Видеосу "Бишкек сегодня" Telegram-каналына жарыяланган.
Кеңейтилчү аянттардын тизмесине Байтик баатыр жана Масалиев көчөлөрүнүн кесилиши (Түштүк магистраль) дагы кирген.
"Бишкекасфальтсервис" ишканасы 2022-жылга тротуарларды капиталдык оңдоодон өткөрүүнү пландаган. Анын алкагында Манас жана Айтматов, Жибек жолу проспектилери, Ахунбаев, Толстой көчөлөрүнүн жээктери оңдолот", — деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле жолдорго жана аялдамалардын жанына жаандын суусу агып кете турган тешикчелер орнотулмакчы.
Арча-Бешик конушунда эки көчө оңдолуп жатат. Сүрөт