Жумага карата аба ырайы

Нөшөрдөн улам республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
Sputnik
БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Жума күнү мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорго кар түшүшү ыктымал. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Талас жергесинде +22...+27, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +24...+29, Ысык-Көл, Нарын аймагында +20...+25 градус болору айтылды.
Бишкекте жана Ошто жаан-чачын болбойт. Термометр борбор калаада +25...+27, Ош шаарында +26...+28 градусту көрсөтөт.
Синоптиктер нөшөрдөн улам республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүндүгүн эскертишти.
Сабыр кылыңыздар, калыбына келтиребиз. Президент үйүн сел каптаган элге кайрылды