Жеңиш күнүнө арналган автожүрүш Бишкектен Сокулукка чейин уланды. Сүрөт

Иш-чаранын катышуучулары согушта курман болгондорду эскеришти.
Sputnik
БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Согуш ардагерлери республикалык кеңешинин, куралдуу күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын жана тылдын эмгекчилеринин өкүлдөрү "Жеңиш ырлары" урааны алдында автожүрүш өткөрдү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Акция Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 77 жылдыгына арналган. Автожүрүш Бишкектеги КР Куралдуу күчтөрүнүн Аскер институтунан башталып Сокулукка чейин созулган.
1 / 2

Эскерүү иш-чаранын катышуучулары Советтер Союзунун баатырлары Калыйнур Үсөнбековдун, Дүйшөнкул Шопоковдун жана Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун эстелигине гүлчамбар коюшкан

2 / 2

Автожүрүштүн максаты — боштондук алып келген жоокерлердин эрдигин түбөлүк сактоо, жаш муунду мекенди сүйүүгө жана ата мекен алдындагы милдетти берилүү менен аткарууга үндөө

Эскерүү иш-чаранын катышуучулары Советтер Союзунун баатырлары Калыйнур Үсөнбековдун, Дүйшөнкул Шопоковдун жана Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун эстелигине гүлчамбар коюшкан.
Автожүрүштүн максаты — боштондук алып келген жоокерлердин эрдигин түбөлүк сактоо, жаш муунду мекенди сүйүүгө жана ата мекен алдындагы милдетти берилүү менен аткарууга үндөө.
Бул биздин жеңиш! Россотрудничество флешмоб баштады