Ысык-Көлдө балык кармаган 4 миң метрдей тор жок кылынды. Сүрөт

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүздү.
Sputnik
БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Ысык-Көл облусунун бир нече айылында балык кармаган 3 900 метр синтетикалык тор чыгарылып, жок кылынды. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы билдирди.
1 / 3

Ысык-Көл облусунун бир нече айылында балык кармаган 3 900 метр синтетикалык тор чыгарылып, жок кылынды

2 / 3

Көлдүн Жаркынбай, Өрүктү, Чырпыкты, Семеновка жана Ананьево айылдарында рейд жүргүзүлгөн

3 / 3

Жыйынтыгында балык корун түгөтүп, мыйзамсыз салынган синтетикалык балык кармоочу торлор алынган.

Көлдүн Жаркынбай, Өрүктү, Чырпыкты, Семеновка жана Ананьево айылдарында рейд жүргүзүлгөн.
Жыйынтыгында балык корун түгөтүп, мыйзамсыз салынган синтетикалык балык кармоочу торлор алынган.
Ошондой эле жергиликтүү тургундарга жаныбарлар менен өсүмдүктөр дүйнөсүн сактоо жана аяр мамиле кылуу жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
Ысык-Көлгө балыктын 5,3 миллион чабагы коё берилди. Сүрөттөр