Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Кремль украиналык согушкерлердин адамдарды дарыга алмаштыруу сунушу боюнча үн катты

Песков Путиндин украиналыктардын мындай талаптарын билерин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Мариуполдогу "Азовсталь" заводунун аймагында курчоого алынган украиналык улутчулдардын жергиликтүү тургундарды азык-түлүк, дары-дармекке алмаштыруу боюнча талаптары Сириядагы террорчулардын талаптарына окшош болууда. Бул тууралуу Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдиргенин РИА Новости жазды.
Песков Путин украиналыктардын мындай талаптарын билерин белгилеген.
"Албетте, президент бардык маалыматты алат жана баарынан кабардар. Заводдун жер төлөсүндө жашынып алган улутчулдардын талаптары боюнча айтсак, алардыкы Сирия жана башка жерлердеги террорчулардын талаптарына окшош. Калганы эми заводду бошотуу маселеси менен алектенип жаткан биздин штабдын колунда. Бул жерде биз эч нерсе деп айта албайбыз", — деген Песков.
Буга чейин ишкананы бошотуу боюнча штабдын өкүлү РИА Новостиге "Азовсталдагы" украиналык согушкерлер ал жактагы жай тургундарды азык-түлүк, дары-дармекке алмашууну сунуштаганын билдирген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Азовсталдан" чыгарылган аял украин аскерлерин сындады. Видео