Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Окуянын күбөсү: Украина аскерлери качкындарды аткылады

РИА Новостиге ооруканадан билдиргендей, аткылоодон 13төй адам жабыркаган. Алардын бешөө — балдар. Үч адам көз жумган.
Sputnik
БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Украина аскерлери Волчанск облусунан Харьков облусуна бара жаткан качкындарга ок чыгарды. Бул тууралуу РИА Новостиге окуяга күбө болгон адам билдирген.
Анын айтымында, качкындар түшкөн 34 автоунаа Старый Салтов кыштагына келгенде Украина блокпостунан аскерлер ок чыгарган.
"Алар аткылап баштаганда колонна артка кайтканга жетишти. Бирок алдыдагы төрт автоунаага ок тийди. Анда көбүнчө аялдар менен балдар болчу. Көз алдымда улгайган аял, таанышым көз жумду", — деген күбө.
Украина аскерлери оор куралдар менен аткылаганы айтылды. РИА Новостиге ооруканадан билдиргендей, кол салуудан 13төй адам жабыркаган. Алардын бешөө — балдар. Акыркы маалымат боюнча, үч киши көз жумган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украина аскерлери Макеевкадагы ири нефтебазаны аткылап, өрт чыкты. Видео