Сузакта 606 үйдү сел каптап, районго өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Сел каптаган үйлөрдү тазалоо үчүн 42 техника иштеп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Сузак районуна жаратылыш кырсыгынан улам өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, кечээ, 4-май күнү, нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен улам Сузактын Барпы жана Атабеков айыл өкмөтүндөгү 606 турак үйдү, 10 социалдык объектини сел каптаган.
ӨКМдин орун басары жетектеген ыкчам топ жеринде тактоо иштерин жүргүзүүдө. Жарандык коргонуу кызматынан 260 жаран, өздүк курамдан 135 кызматкер тартылып, турак үйлөрдө чогулган сел сууларын мотопомпанын жардамы менен тазалоодо. Жеринде 42 техника иштеп жатат. Учурда ыкчам штаб түзүлүп, кырдаалды жөнгө салуу жумуштары жүрүп жатканы айтылды.
Сабыр кылыңыздар, калыбына келтиребиз. Президент үйүн сел каптаган элге кайрылды