Бул биздин жеңиш! Россотрудничество флешмоб баштады

Көзгө жаш алдырган, жакшы жазылган эскерүүлөр 9-майда Жеңиш альбомуна чогултулат.
Sputnik
БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Россотрудничество "Бул биздин жеңиш" аттуу флешмоб баштап жатат. Бул тууралуу Бишкектеги "Русский дом" уюму кабарлады.
"Ар бир үй-бүлөдө согушту башынан өткөргөндөр эскерилерин билебиз. 9-майдын алдында ар бириңерге үй-бүлөңүздөгү согуштун баатырын эстеп, ал тууралуу жазууну сунуштайбыз. Эскерүүдө ардагердин 1945-жылы Жеңиш күнү, аны кайдан тосуп алгандыгы тууралуу айтып бергендери болуш керек. Андан соң #Бул биздин жеңиш (ЭтоНашаПобеда) деген хештэгди коюп, "Русский дом" уюмун белгилеп койгула", — деп айтылат маалыматта.
Көзгө жаш алдырган, жакшы жазылган эскерүүлөр 9-майда Жеңиш альбомуна чогултулат. "Русский дом" ардагерлердин эрдигин чогуу эстеп, бирге сактап калууга чакырат.
Шойгу: Россияда 9-майдагы аскердик параддарга 65 миң киши катышат