Йод жетишсиздигинин белгилери кандай? Дарыгердин кеңеши

Педиатр чарчоо жана тез-тез суук тийүү йоддун жетишсиздигинен кабар берерин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Организмде йоддун узакка созулган жетишсиздиги калкан безинде гана эмес, башка органдарда да көйгөйлөрдү пайда кылышы мүмкүн. Бул тууралуу врач-педиатр Валерия Жалагония билдиргенин Gazeta.ru порталы жазды.
Анын айтымында, бул заттын жетишсиздигинин жалпы белгилери — бул тез-тез суук тийүү, чарчоо жана менструациянын бузулушу.
Тобокел тобуна кош бойлуу жана бала эмизген аялдар, үч жашка чейинки балдар менен өспүрүмдөр кирет. Йод жетишпестиги узакка созулуп кетсе калкан бездеринин иши гана бузулбастан, адамдын иммундук системасына дагы доо кетет.
Йод жетишсиздигинин белгилери:
айыз циклинин бузулушу;
шалдыроо;
тез-тез суук тийүү;
анемия;
теринин кургашы;
шишик басуу;
чачтын түшүүсү;
эч себепсиз салмак кошуу.
Йоддун жетишпестиги лабораторияда гана аныкталат. Бул үчүн зааранын анализин тапшыруу керек. Дарыгер йод кошулмаларын өз алдынча алууну сунуштабайт.
Кан басым дароо түшүп кетсе эмне кылуу керек? Кардиологдун кеңеши