Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Молдова Украинага аскердик жардам берүүдөн баш тартты

Анткен менен Молдова парламентинин спикери Кишинев кооптуу делген мина коюлган жерлерди тазалоо үчүн сапёрлорду жиберүүгө даяр экендигин билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Молдованын парламентинин төрагасы Игорь Гросу Жогорку Раданын спикери Руслан Стефанчуктун Украинага аскердик жардам берүү боюнча өтүнүчүнөн баш тартты. Бул тууралуу РИА Новости "Действие и солидарность" башкаруучу партиясынын маалымат катчысы Адриана Влас билдиргендигин жазды.
"Парламенттин төрагасы нейтралитет макамына макул экендигин, Молдова башка өлкөлөргө аскер техникаларын жайгаштыра албай тургандыгын билдирди", — деген ал.
Тагыраагы, Стефанчук Гросудан Молдовадагы МиГ-29 тик учагын сураган.
Анткен менен Молдова парламентинин спикери Кишинев жергиликтүү калк коопсуздукта жашаарын сезиш үчүн кооптуу аймактардан минадан тазалоого сапёрлорду жиберүүгө даяр экендигин билдирген.
Жогорку Раданын төрагасы кесиптеши менен аскердик жардамды талкуулагандыгын айткан.
Россия Украинадагы атайын операциясын 2022-жылдын 24-февралында баштаган. Президент Владимир Путин ал "Киев режими тарабынан сегиз жыл бою кордолуп-мазакталып, геноцидге кабылгандарды коргоо" максатын көздөйт деген.
РФтин Коргоо министрлиги билдирүү жасап, Куралдуу күчтөр соккуну аскердик инфраструктура жана аскердик күчтөргө уруп жаткандыгын, 25-мартта негизги тапшырманын биринчи этабын аткаргандыгын, тагыраагы, Украинанын согуштук мүмкүнчүлүгүн азайткандыгын билдирген. Алар башкы максат — Донбассты бошотуу экендигин айтышкан.
Германиялыктар аскердик бюджетти көбөйтүүнүн айынан кыйынчылыкка кептелди