Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Лукашенко кандай шартта Украинадагы чыр тез токтой турганын айтты

Беларусь лидери согуштун бүтүшү АКШ жетекчилигинен да көз каранды экенин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Эгер АКШ Киевге согуштук аракетти токтоткула деп айтса, анда чыр-чатак бир жуманын ичинде бүтөт. Бул тууралуу Беларустун президенти Александр Лукашенко Ассошиэйтед Пресс агенттигине берген маегинде билдиргенин РИА Новости жазды.
"Эгер Жозеф Байден "Болду, жигиттер, согуштук, орусча айтканда, бири-бирибиздин бетибизди жардык, эми токтоткула" десе бир жуманын ичинде баары бүтөт", — деген Лукашенко.
Беларусь лидери Украинанын жетекчилигинин дипломатиялык жол менен өлкөдөгү согуштук аракеттерди токтотуу каалоосу барбы деген суроого да пикирин билдирген.
"Балким, Украина жетекчилиги аны каалап жатат, бирок жасай албайт. Жасай албай жаткан себеби бүгүнкү күнү Украинаны Зеленский башкарбайт. Ал мага таарынбасын, бирок бул менин көз карашым", — деген ал.
Россия Украинадагы атайын операцияны 24-февралда баштаган. Владимир Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" экендигин айткан. Бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап, Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жаткандыгын белгилеген.
Россиянын Коргоо министрлиги куралдуу күчтөр соккуну Украина тараптын аскердик инфраструктуралары менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирип келет.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Кремль украиналык согушкерлердин адамдарды дарыга алмаштыруу сунушу боюнча үн катты