Согушта фашизм менен күрөшкөндөр эскерилди. КРСУдагы иш-чаранын сүрөттөрү

Иш-чаранын алкагында фашизм менен күрөшкөндөрдүн фотогалереясы да көрсөтүлгөн. Университет аны "КРСУнун өлбөс полку" деп атаган.
Sputnik
БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Кыргыз-Россия славян университетинде Улуу Ата Мекендик согуш жылдары фашизм менен күрөшкөндөрдүн элесине арналган "Улуу жылдарга таазим!" аттуу концерт уюштурулду. Бул тууралуу аталган окуу жайдын маалымат кызматы кабарлады.
Университеттин башкы корпусунун алдындагы аянтта Кыргызстандын Коргоо министринин оркестри аскердик ырларды аткарган.
1 / 3

Кыргыз-Россия славян университетинде Улуу Ата Мекендик согуш жылдары фашизм менен күрөшкөндөрдүн элесине арналган "Улуу жылдарга таазим!" аттуу концерт уюштурулду

2 / 3

Университеттин башкы корпусунун алдындагы аянтта Кыргызстандын Коргоо министринин оркестри аскердик ырларды аткарган

3 / 3

Концерт КРСУнун маданият жана чыгармачылык жаштар борборунун концерти менен башталган

Концерт КРСУнун маданият жана чыгармачылык жаштар борборунун концерти менен башталган.
"Студенттер согуш тууралуу ырларды аткарып, фронтко барган окутуучулардын окуяларын айтып берип көпчүлүктүн көзүнө жаш алдырды", — деп айтылат маалыматта.
Иш-чаранын алкагында фашизм менен күрөшкөндөрдүн фотогалереясы да көрсөтүлгөн. Университет аны "КРСУнун өлбөс полку" деп атаган.
Галереяда көбүнчө тарыхый сүрөттөр, окутуучу менен студенттердин Улуу Ата Мекендик согуш учурунда фронтто кызмат өтөп, оорукта эмгектенген жакындарынын баяндары көрсөтүлгөн.
КРдин Коргоо министрлиги Жеңиш күнүндө кандай иш-чараларды өткөрөт. Тизме