Радио

Бөрүбашов: бийликтин бардык бутагы ишин сапаттуу аткарса, тең салмактуулук сакталат

Президенттин кеңешчиси, юридика илимдеринин доктору Бекбосун Бөрүбашов алар жазып чыккан Конституцияга карата бир жыл ичинде айтылган сын-пикирлер тууралуу суроого жооп берди.
Sputnik
Бир кишинин бийлигин бекемдеп, Конституцияны "ханституция" кылып койдуңар деген гана сын айтылды. Бул тууралуу Бекбосун Бөрүбашов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бир жылдан бери Баш мыйзамдын кемчиликтери боюнча сын-пикирлерге байкоо жүргүзүлүп турган.

"ЖМКларга Конституция боюнча кандай сын-пикирлер чыгып жатканын карап турдук. Негизинен "бийликти бир адамдын колуна топтоп, конституцияны "ханституция" кылып койдуңар" деген пикирлер айтылууда. Анткен менен демократияда монархиялык түзүлүшкө салыштырмалуу шайлоо аркылуу бийликке келет. Бул мурдатан эле бар болчу. Азыр бийликтин жоопкерчилигин жогорулаттык. Буга чейин баарына өкмөт күнөөлүү болуп, президенттик администрация "апакай" чыкчу. Азыр президенттик администрациянын башчысы министрлер кабинетинин башчысы болуп, бийлик кемчилик кетирсе мурдагыдай өкмөттү "садага чаап", баарын ага шылтап кутула албайт. Ал эми бийликтин тең салмактуулугу боюнча айтсак, учурда парламентте мыйзам кабыл алуу функциясы бар. Парламент кандай мыйзам кабыл алса, анын алкагында аткаруу бийлиги иш алып барып, ошол мыйзамдын негизинде сот адилеттүүлүгү орнотулат. Бирок парламенттин сапаты 2010-жылдан кийин төмөндөп кетти. Ошондуктан сапатсыз мыйзамдар кабыл алынып калууда. Башкача айтканда, бардыгы өз ишин сапаттуу аткарса, бийлик бутактарындагы тең салмактуулук сакталат", — деди Бөрүбашев.

Ошондой эле ал мындан башка негиздүү деле сындар айтылбаганын кошумчалады.