БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Казакстандын "Өкмөт жарандар үчүн" мамлекеттик корпорациясы документте начар чыгып калган сүрөттөр боюнча элдин даттануусун канааттандырды. Эми жарандар өздөрү сүрөткө түшүп, мыкты деп тапкан кадрды тандай алышат. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
Мамлекеттик корпорациянын жетекчиси Суйениш Абдилдин ИИМ менен биргеликте калкты тейлөө борборлорунда өзүн-өзү тейлеген терминалдарды ишке киргизүү долбоорун иштеп чыкканын билдирди. Алар биометрикалык система жана түшүнүктүү интерфейстер менен жабдылат.
"Кардарлар келип өз алдынча сүрөткө түшүп, анын ичинен өзүнө жакканын тандап, миграция кызматкерлерине табыштама жиберет. Азыркы учурда буйрукка биргеликте кол коюу маселеси чечилип жатат. Жакынкы күндөрү аталган терминалдарды Нур-Султан шаарында ишке киргизебиз", — деп айткан Абдилдин.
2021-жылы 2,4 миллиондон ашуун казакстандык жаңы паспорт жана ким экендигин аныктаган документ алган.