БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Каракол шаарында автоунаа ала салып, эки жаш кыз көз жумду. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
Жол кырсыгы кечээ, 4-майда, болжол менен саат 15:20 чамасында болгон. Видеодон бетонду сүзгөн минивен капталы менен бир нече метр сүрүлүп барганын көрүүгө болот.
"Караколдун Ю. Ф. аттуу тургуну Toyota Estima автоунаасы менен Кадыр-Аке көчөсүнө келгенде рулду башкара албай бордюрду сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен анын 7 жаштагы кызы мүрт кетип, 2 жаштагы кызы реанимацияда үзүлгөн. Айдоочунун айтымында, кызы түшүрүп алган семичкени алып берем деп алаксып кеткен", — деп айтылат маалыматта.
Айдоочу, автокөлүктүн ичиндеги 11 жана 9 жаштагы жүргүнчү балдар Ысык-Көл облустук оорукананын Травматология бөлүмүнө жаткырылган.
ЖКККББ бардык айдоочуларга жол эрежесинин талаптарын так сактоону эскертти.