Боррель: Евробиримдикте Россиядан газ алууну токтотуу маселеси каралбайт

ЕБдин өкүлү Европадагы мунай химиялык өнөр жай секторунун баары газсыз иштей албай турганын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Азыркы тапта Европа биримдигинде Россиянын газын алууну токтотуу маселеси талкууланбайт. Бул тууралуу ЕБдин чет элдик иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррель билдиргенин РИА Новости жазды.
Анын айтымында, мунай рыногу глобалдуу, ал эми газ көйгөйү башкача.
"Газ — бир гана энергетикалык продукция эмес. Аны мунай химиялык өнөр жайындагы бир нерсе менен алмаштыруу мүмкүн эмес. Бул маселеде этият болуш керек, себеби Европадагы мунай химиялык өнөр жай секторунун баары газсыз иштей албайт", — деди Боррель.
Буга чейин Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен Россияга каршы санкциясынын алтынчы пакетинде ЕБдин аймагына россиялык мунайды импорттоого этап-этабы менен тыюу салуу сунушталарын билдирген. Анда Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Кремль бул маселеге байкоо салып турганын белгилеп, "бизди чыгымга учуратууга аракет кылып жатып өздөрү көп зыянга учурап калат" деп айткан.
РФ газынын келбей калышы Германияда немец өнөр жайынын талкаланышына алып келет