Нацисттерди баатырга айлантып, актоого жол берилбейт. 11 өлкө билдирүү жасады

Уюмдагы туруктуу өкүлдөр тарыхты жасалмалоо жана согуштун жыйынтыгын кайра кароо аракетин такыр орунсуз деп эсептейт.
Sputnik
БИШКЕК, 5-май — Sputnik. ЕККУнун алдындагы Азербайжан, Армения, Босния жана Герцеговиния, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Сербия, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын туруктуу өкүлдөрү Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңиштин 77 жылдыгына карата билдирүү жасашты. Текст Россиянын Тышкы иштер министрлигинин сайтына жарыяланды.
Билдирүүнүн маанилүү учурлары:
Биздин милдет Экинчи дүйнөлүк согуш тууралуу тарыхый чындыктын чыпчыргасын коротпой сактап, окуялардын чыныгы картинасын урпактарга жеткирүү;
Тарыхты жасалмалоо жана согуштун жыйынтыгын кайра кароо аракети такыр орунсуз деп эсептейбиз;
Боштондук алып келген жоокерлердин эстеликтерин мазактоо же жок кылуу жана башка мемориалдык объектилерге, Европа менен Азияны нацизм менен фашизмден сактоо үчүн курман болгон аскерлер, офицерлер көмүлгөн жайларга вандализмдик актылар колдонулушун катуу сындайбыз;
Нацизмдик кылмыштарды жана алардын шериктештерин баатырга айлантып, реабилитациялап актоого жол берилбейт. Адамзатка каршы кылмыш жасаганын жана Экинчи дүйнөлүк согуш учурундагы аскердик кылмышын четке кагуу мүмкүн эмес;
Нацизмдин жеңилиши Евразия континентинде же болбосо дүйнөнүн башка бир жеринде эч качан башын көтөрбөшү керек.
Садыр Жапаров: "Өлбөс полк" жүрүшүнө тыюу салууга эч кимдин акысы жок