БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Лейлек районунун Тажикстан менен чектеш жайгашкан Максат, Кулунду айылдарындагы миң гектарга жакын аянттагы буудай жана арпаны чегиртке каптады. Бул тууралуу жергиликтүү тургун кабарлады.
Максат айылынын башчысы Сапарали Адинаев эгерде тиешелүү кызматтар алдын алып, чара көрбөсө кайрак жерге айдалган эгинден түшүм албай калуу коркунучу бар деген пикирин билдирди.
Баткен облустук өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин башкармалыгынын өкүлү Ачылбек Бекташов адистер аталган аймактагы эгин талаасын кыдырып чыккандыгын айтты.
Аталган башкармалык тарабынан жергиликтүү жашоочулардын кайрылуусунан кийин чегиртке каптаган аймакта атайын анализ жүргүзүлүп, Максат жана Кулунду аймагында миң гектардай аянттан чегиртке чыккандыгы аныкталган.
Бекташов дары-дармектер, техника жетиштүү экендигин, 10-майдан кийин дарылоо иштери баштала тургандыгын кошумчалады.
Эске сала кетсек, эгинге залал келтирүүчү чегирткелер Фергана өрөөнү жана Казакстан менен чектешкен аймактарды көп мекендешет. Ургаачысы талаага 100-150 жумуртка таштайт. Алардын ар бири 47 күндө 100-150гө чейин көбөйүүгө жөндөмдүү. Чегиртке күнүнө 100 чакырымга чейин аралыкты учуп өтө алат.