БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Борбор калаадагы социалдык мекемелердин тарбиялануучулары жана жашоочулары үчүн Жеңиш күндүн урматына концерт уюштурулат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдирди.
Муниципалитет 9-майга карата атайын программа түзүп чыккан:
6-майда "Ардагер" (Күрөңкеев көч., 89) деп аталган шаардык геронтологиялык борбордо концерт болот. Башталышы саат 14:00дө;
8-майда Бишкектеги стационардык мекемеде (Абай көч., 93) уюштурулат. Башталышы саат 10:00дө. Ушул эле убакытта Адаптация борборунун (Курчатов көч., 70) тарбиялануучулары үчүн концерт берилет;
8-майда "Айданек" (Сатыбалдиев көч., 97) аталышындагы жашы жете электерди каттоо борборунун тарбиялануучулары үчүн майрамдык иш-чара уюштурулат. Башталышы саат 11:00дө.