Японияда “Өлбөс полк” жүрүшү өттү. Видео

Иш-чарага Россиянын элчилигинин кызматкерлери, ошондой эле Беларусь менен Казакстандын Токиодогу элчилери катышты.
Sputnik
БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Японияда “Өлбөс полк” жүрүшү өттү. Видеосун Sputnik Жакынкы Чыгыш Telegram каналы чыгарды.
Жүрүшкө Россиянын элчилигинин кызматкерлери, ошондой эле Беларусь менен Казакстандын Токиодогу элчилери катышты.
"Токиодогу "Өлбөс полк" жүрүшү россиялык мекендештердин биримдигинин айкын далили болду", — деп белгиледи РФтин дипломатиялык өкүлчүлүгү.
Иш-чарада Япониянын Синохара аттуу артисти менен "Россиянка" бий ансамбли концерт койду.
Садыр Жапаров: "Өлбөс полк" жүрүшүнө тыюу салууга эч кимдин акысы жок