Шойгу: Россияда 9-майдагы аскердик параддарга 65 миң киши катышат

РФтин коргоо министринин айтымында, Москвадагы Кызыл аянтта боло турчу Жеңиш парадына эле 11 миң киши катышат.
Sputnik
БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Быйыл Россияда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгына арналган аскердик параддарга 65 миң киши катышат. Бул тууралуу РФтин коргоо министри Сергей Шойгу жыйында билдирди.
"Аскер параддары Россиянын 28 шаарында өтүп, курал-жарактын жана аскердик техниканын 2,4 миңге жакын түрү, 460тан ашык учак тартылат", — деди ал.
Ошондой эле министр Москвадагы Кызыл аянтта боло турчу Жеңиш парады тууралуу айтып берди.
"Бул парадга 11 миң киши катышып, 131 курал-жарак жана аскердик техника, 77 учуучу аппарат пайдаланылат", — деди Шойгу.
Мындан сырткары, РФтин коргоо министри Москвадагы парадда жапырт ок чыгарган "Торнадо-Г" системасы өтө турганын кошумчалады.
Генералдык репетиция 7-майга пландалган.
Японияда “Өлбөс полк” жүрүшү өттү. Видео